“Armani”: ата-энелердин нааразычылыгын жаратты

10-Фев. 2018, Ишемби, 16:12

Япониянын борборундагы мамлекеттик мектептердин бири окуучуларынын формаларынын дизайнын Италиянын белгилүү “Armani” маркасына 80 миң йенге түздүргөнү ата-энелердин каршылыгын жаратты. Анда 16 миң эркек, 19 миң кыз окуучуга тапшырык берилген.

Ата-энелер жана айрым депутаттар мектеп жетекчилигинин мындай кадамдарын сынга алды.

Бул боюнча “Huffington Post” сайтына маек берген ата-энелердин бири “Кымбат нерсе жакшы, арзан жаман” деген түшүнүктү балдардын аң сезимине киргизүү жакшы эмес. Баламдын формасы менин киймимден да кымбат болуптур”,-деген. Айрымдары бул жашта балдардын денеси тез өсөөрүн белгилеп, форма боюнча кеңешпегендерине нааразы экенин айтты.

Бул тема Япониянын парламентинде талкууга алынды. Кымбат кийимдерди жакшы көргөнү менен белгилүү Каржы министри Таро Асо бул башталгыч мектептин окуучулары үчүн өтө кымбат экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!