82 жаштагы эң тажрыйбалуу стюардесса

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:57

Дүйнөдөгү эң улгайган стюардесса авиация тармагында 60 жылдан бери иштейт. Анын аты жөнү Бетт Нэш. Ал АКШлык жана 82 жашында дагы келбети мыкты экенин моюнга алуу керек. Булар менен бирге укмуштуудай энергиясы, стили, кичи пейилдиги жана кардарларга кылган мамилеси менен өзгөчөлөнүп турат.

16 жашында биринчи жолу учакка түшкөн Бетт стюардесса болууну самап, жашоосун жарандык авиация менен байланыштырганын сезет. Жогорку билим алып, авиакомпаниялардын бирине 1957-жылы 4-ноябрда ишке орношот.

Айтымында өзүнүн 60 жылдык тарыхында авиацияда быры өзгөргөн. Бетт Нэш иштеп баштаганда учуу өзүнчө эле сөөлөт күтүү болуп, абада майрамдоо айрымдарга гана буюрган. Ал учурда транспорттун мындай түрүнө байлар гана түшкөндүктөн 1-класстагы жүргүнчүлөргө жакшы тамактар фарфор идиштерге, күмүш кашыктар менен берилчү.

Стюардессалар атайын сулуулук мектептеринен окуп, макияж жасоонун ыгын үйрөнүшкөн.

“Андан бери авиацияда технология мыкты өнүктү. Мен ишке келгенде каттамдардын мөөнөтү тактага бор менен жазылып, документтин бары кагаз түрүндө эле. Эми ар бир борт коштоочусунда электрондук планшет бар”,-деген каарман.

Бүгүнкү күндө Бетт Нэш “American Airlines” авиакомпаниясында Вашингтон-Бостон-Вашингтон аба каттамында иш алып барат. Учуу тартиби өзүнө ыңгайлаштырылган.

Бетт Нэштин айтымында, кээде пенсияга чыгууну ойлойт, бирок ишке келгенде бул мүмкүн эместигин түшүнөт. “Бул аэропортко барууга стимул. Авиакомпания дайыма өнүгүү жолунда. Ага кошулуп мен да өнүгүшүм керек”,-дейт Бетт Нэш “CNN” телеканалына берген маегинде.

Бетт Нэш чыныгы жылдыз. Ар бир жүргүнчү аны менен сүрөткө түшүп, кол тамга алууга ашыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!