Путин: Менин смартфонум жок

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:21

Россиянын президенти Владимир Путин акылдуу телефону жок экенин айтты. Буга чейин ал социалдык тармактар көп убакытты аларын белгилеген.

Сибирде илимпоздор жана академиктер менен жолугушкан өлкө башчысы эмдигиче смартфон колдонбой тургандыгын айткан.

Курчатов Өзөктүк изилдөө институтунун президенти Михаиль Ковальчуктун сөзүнө жооп берип жатып, “Барында акылдуу телефону бар экенин айттыңыз. Бирок меники жок” ,-дегени залда отургандарды күлгөнгө аргасыз кылды.

Өткөн жолку сөздөрүндө технология жаатында анча маалыматы жок экени айткан 65 жаштагы президент 2005-жылы деле мобилдик тефону болбогонун, Интернет боюнча тынчсызданууларын айткан.

Буга чейин окуучулар менен жолугушууда Instagram же башка социалдык тармактар менен алектенбей турганын белгилеген.

“İnstagram мага ылайыксыз”

Интернет иштери менен командасындагы башкалар алектенерин белгилеген лидер “Күн тартиби абдан тыгыз. Жумушчу күнүм абдан кеч бүтөт. Instagram мага ылайыксыз”,-деген.

Колунан смартфонун түшүрбөгөн Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге карама-каршы профили бар Путин шткөндөрдө Интернетти “ЦРУнун жеке долбоору” катары сыпаттаган.

Россияда Интернет эркиндигин чектөө

Путин 2012-жылы кайрадан президент болуп шайлангандан бери өлкөдө Интернетке чектөөлөр кирди. Адам укуктарын коргогон “Agora” уюмунун билдиргенине караганда Россияда өткөн жылы 43 киши бөлүшкөн маалыматтарынын айынын камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!