Кат алган Ванесса Трамп ооруканага жатты

13-Фев. 2018, Шейшемби, 12:07

АКШнын президенти Дональд Трамптын уулу кенже Дональд Жон Трампка келген катты ачкан жубайы ооруканага жаткырылды. Ак күкүм салынган конверт алардын Манхеттендеги үйүнө келген.

Буга кооптонгон коопсуздук кызматы 40 жаштагы Ванесса Трампты алдына ала сактануу чаралары үчүн дарыгерлердин көзөмөлүнө жиберген.

Бул боюнча “BBC” кызматына маалымат берген Нью-Йорктун полициясы күкүм текшерүүдөн өткөнүн, коопсуз экенин белгилеген.

Эскертке кетсек, 2001-жылы саясатчыларга жана журналисттерге жиберилген ууланган каттар беш адамдын өмүрүн алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!