Саудиялык аялдарга дагы бир жакшы жаңылык

13-Фев. 2018, Шейшемби, 15:30

Акыркы айларда аял укуктарына багытталган реформалары менен оозго алынып жаткан Сауд Арабияда аялдарга прокуратурада иштөөгө мүмкүнчүлүк берилди.

Өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлигинин Эл аралык байланыш борборунан келген билдирүүдө прокуратурада бошогон орундарга бул тармакта жогорку билими бар аялдар ишке алынары белгиленген.

Жарандык жана диплом шарт

Ошондой эле башкы прокуратура өлкө тарыхында алгачкы жолу аялдарга эшик ачылганы жазылып, ага талапкерлер Сауд Арабиянын жараны болуусу, университеттердин “Ислам укугу” бөлүмүн мыкты баалар менен аяктаганы шарт экени маалымдалган.

Аталган мекемеде иштөөнү каалаган кыз-келиндер прокуратуранын Интернет баракчасындагы кайрылууну толтурушу керек.

Сауд Арабия бийлиги көптөн бери өлкөнүн имиджин өзгөртүү жана аялдар арасындагы жумушсуздардын санын азайтуу максатында түрдүү ыкмаларды пайдаланууда. Мындай кадамдардын натыйжасында статистикалык маалыматтарга караганда 2016-жылдын аягында 34,5 пайыз болгон аялдар арасындагы жумушсуздук 2017-жылдын үчүнчү чейрегинен баштап 32,7 пайызга төмөндөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!