Латынча документтер 2021-жылы берилет

13-Фев. 2018, Шейшемби, 16:53

Казакстанда латынча жазылган өздүгү тууралуу документтер 2021-жылы берилет. Бул тууралуу 13-февралда өлкөнүн Маданият жана спорт боюнча вице-министри Ерлан Кожагапанов өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, латынчага өтүүнүн биринчи этабы 2018-2020-жылга пландалган. Анда нормативдик укуктук базаны жаңылоо иштери, жазуу принциптерин иштеп чыгуу, ІТ-тиркемелерди даярдоо иштери жүргүзүлөт.

“Ал эми экинчи этап 2021-2023-жылдарга белгиленген. Бул мезгилдерде паспортторду, өздүк күбөлүктөрдү берүү жагы пландалган. Ошондой эле латын тамгалары боюнча окумуштуу-филологдор курстарды, семинарларды өтөт. Үчүнчү этап 2024-2025-жылдарга пландалган. Ал мезгилдерде мамлекеттик органдары, билим берүү мекемелери, мамлекеттик маалымат каражаттары латын арибине өтөт”,-деди Маданият министри.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!