Фашизм жан алуусун улантып жатат

14-Фев. 2018, Шаршемби, 17:50

Марица суусунда оодарылган кайыктагылар Кызмат кыймылынын ыктыярчылары болуп чыкты.

Эдирнеде Марица суусу аркылуу желим кайык менен Грецияга бара жатканда оодарылгандардын үчөөнүн жансыз денеси табылды.

Өз өлкөсүндөгү окуяларга байланыштуу 8 адам кайык менен Грецияга качууга аргасыз болгон. Аскердик тыюу салынган аймакта оодарылган кайыктан түрк тилинде “Баламды куткаргыла” деп ыйлаган аялдын кыйкырыгынан улам нөөмөттө турган аскерлер Эдирненин куткаруу тобуна кабарлаган. Экипаж сууда кайыктар менен издөө куткаруу иштерине киришкен. Ал учурда биринчи жарылган резина кайык, ага удаа 2 баланын жана бир аялдын жансыз денеси табылган.

Өздүгү такталды

Марица суусунун чыгарылгандардын өздүгү такталды. Жакындары көз жумгандар Кызмат кыймылынын ыктыярчылары экенин болгонун билдиришти.

Издөө иштери уланууда

Тракия жана Балканда акыркы үч күн ичинде жамгырдан улам Марица суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Грециянын Капитан Андрево чек ара өтмөгүнөн Сүвари көпүрөсү деп аталган 10-12 чакырымдык аянтта издөө иштери уланууда.

Үч пакистандык камалды

Эдирне аймактык жандармынын тобу кайыгы оодарылган качкындарды Грецияга жеткирип бара жаткан 3 пакистандык жаранды камакка алды. Шектүүлөрдү жандарм суракка алууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!