Марица кайрадан качкындарга мазар болду

14-Фев. 2018, Шаршемби, 18:02

Түркия менен Грециянын ортосундагы чек араны белгилеген Эгей деңизи жана Марица суулары акыркы бир нече жылдан бери көптөгөн сириялыктарга мазар болгон. Эки өлкөнү бөлүп турган cуунун акыркы курмандыктары Түркиянын жарандары же Кызмат кыймылынын мүчөлөрү болду.

Өткөн жылдын ноябрь айында 5 мүчөдөн турган Маден үй-бүлөсү Грециянын Мидили аралынан өтүп бара жатып чөккөн. Эми 13-февралда чоң кырсык Марица суусунда болду.

Эки үй бүлө мүчөлөрүнөн жана бир жаш адамдан турган 8 кишилик качкындардын тобун ташыган желим кайык Марица суусунда оодарылды. Бир үй-бүлөнүн эки баласы жана энесинин сөөгү жээкке чыкса, калгандары дале табыла элек.

Көз жумган балдардын атасы Угур Абдуррезак 11 ай камакта жатып, кийин январь айында бошонуп келген.

Үй-бүлөнү кооптуу жол жүрүүгө Түркиядагы 15-июлдагы төңкөрүш аракети түрткү болду.

39 жаштагы англис тилинин мугалими Угур Абдуреззак жана 37 жаштагы түрк тили боюнча мугалим жубайы Айше Абдуреззак 2016-жылы июль айында бийликтеги АК партия тарабынан Өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин кызматтан четтетилген 30 миң мугалимдин арасында болгон. Экөө тең Кызмат кыймылынын мүчөсү деген негизде жумуштан алынган.

Угур Абдуреззак жумуштан чыкканына 6 ай өткөндө таңда камакка алынган. Кандыра жаза өтөөчү жайында 11 ай жатып январь айында бошотулган. Бирок террорчу катары дале айыпталып келет.

6.5 жылда 22 жыл арасында абак жазасын алаары болжолдонуп жаткан Угур Абдуреззак үй-бүлөөсүн алып өлкөдөн кетүүнү чечкен.

11 жаштагы уулу Абдүлкадир Энес жана 2 жаштагы уулу Халил Мүнирди жанына алган үй-бүлө 13-февралда түн ортосунда Марица суусу аркылуу жолго чыкты. Адамдарды жеткиргендердин коштоосунда узак сапардан кийин саат таңкы 5:00дө эки үй-бүлөө Марица суусуна жеткен.

Бир үй бүлөнүн ээси 30 жаштагы Фахреттин Доган жана жубайы 28 жаштагы Аслы Доган 2.5 жаштагы баласы Ибрахим Селим Доган да Кызмат кыймылынын мүчөлөрү деген негизде жазадан качкандардан. Фатих Яшар аттуу дагы бир досу алар менен бирге сапар алган.

Үч баладан турган 8 киши адам качыргандардын коштоосунда Марица суусунун жээгинде өздөрүн аркы өйүзгө өтүү үчүн желим кайыка түштү. Бирок белгисиз себептерден улам кайык оодарылган.

Издөө учурунда Айше Абдуреззак, 11 жаштагы жана 2 жаштагы уулдарынын сөөгү табылды. Берки бешөөнү издөө иштери уланууда.

Эки жыл мурда Айлан аттуу бала сууга чөккөндө Сириялык качкындардын трагедиясы оозго алынган. Эми түркиялык качкындардын балдары ал сыяктуу сууга тумчугуп турган учур.

Кызмат кыймылынын мүчөлөрнө карата Түркияда колдонулган социалдык өлүм саясаттары бул сыяктуу жоготууларга кириптер кылары анык.

Учурда 50 миңге жакын Кызмат кыймылынын мүчөлөрү камакта. 120 миңден ашыгына сот процесси уланууда. Он миңдеген ашыгы кооптуу сапар менен Европа өлкөлөрүнө агылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!