Дипломат өзүнө “Жигули” белек кылды

15-Фев. 2018, Бейшемби, 12:18

Америкалык дипломат Брайан Тимм-Брок туулган күнүнө “Жигули” сатып алды. Ал 30 жылдыгын ушундай белгилөөнү чечкенин өзү иштеген Эстониядагы АКШнын элчилигинин “Facebook” баракчасына жазылган.

1987-жылы чыккан ВАЗ-2106 («Жигули») унаасын алган жигиттин айтымында жашоосундагы алгачкы унаасы башкача болуусун каалаган.

“Өзүмө жаңы модадагы унаа керек эместигин билчүмүн. Андыктан туура кылдым деп эсептейм”,-деген Тимм-Брок. Ошондой эле ал механикалык кыймылдаткыч менен иштөөнү үйрөнгөнүн, унаасына кышкы дөңгөлөктөрдү алганын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!