Коомдук транспорт бекер болот

15-Фев. 2018, Бейшемби, 13:22

“Reuters” агенттигинин маалыматына караганда Германия өкмөтү абасы булганыч шаарларда менчик унааны пайдаланууну азайтуу үчүн коомдук транспортту акысыз кылууну пландоодо.

Бул сунуш жазылган жана Европа биримдигинин (ЕБ) Экология комиссары Кармену Веллага жиберлиген расмий катка Германиянын Экология министри Барбара Хендиркс, Айыл чарба министри Христиан Шмидт жана вице-премьер-министр Петер Алтмаер кол койгон.

Анда абасы таза аймактарды түзүү үчүн менчик унааларды колдонууну азайтуу, электр авто унааларды көбөйтүү, автомобилдердин сапаттарын жакшыртуу сыяктуу бир катар сунуштар жазылган.

Беш шаарга артыкчылык берилген

Бул иштерди Бонн, Ессен, Херенберг, Ройтлинген жана Маннхейм шаарларында ишке ашыруу керектиги белгиленген. Ийгиликтүү ишке ашса абасы булганыч башка шаарларга пайдаланыла турганы маалымдалган.

Бирок Германиянын шаарлар боюнча кеңешинин жетекчиси Хелмут Деди сунушту таңдануу менен кабыл алды.

Ал айрым шаарларда жол кирени арзандатуу планы болгонун, бирок федералдык өкмөт бул үчүн каржы бөлүшү керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Германияда транспорт кызматынын көп бөлүгү мэрия тарабынан каржыланат.

Европа комиссиясы январь айында абанын сапатына карата катуу чара көрүүлөрүн, бул боюнча ЕБ мыйзамдарын бузган мүчөөлөргө айып салынарын билдирген. Андан бери Германиянын тынчы кетти. Белгиленген шаарлардагы абанын сапатын жакшырта албаса жетекчилер жаза алышы күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!