Метеориттин сыныгы рекорддук баада сатылды

15-Фев. 2018, Бейшемби, 15:01

АКШдагы Аризона кратеринен алынган метеориттин 30 килограммдан ашык сейрек фрагменти “Christie's” аукцион үйүндө интернет аркылуу сатылды. Ал рекорддук баага же 237,5 миң долларга бааланганын “CNBC” телеканалы кабарлады.

Темир метеорит Аризона кратеринин аймагынан табылган. Ал 50 миң жыл мурда түшкөн асман телосуна таандык. Космостон келген фрагментти ким алганы айтыла элек.

Кийинки жолу аукцион үйү метеоритти сатыкка 10-17 апрелде коет. Бул Мичиган штатындагы Детройт шаарына жакынкы аймакка ушул жылдын январь айында түшкөн асман телосунун сыныгы болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!