Жаңы президент – жаңы үмүт

16-Фев. 2018, Жума, 11:49

Сирил Рамапостун Түштүк Африка Республикасынын лидери болгонун эл жакшы маанайда, кол чаап, ырдап-бийлеп кабыл алды.

“Мен капысынан эле байып кеткендей болуп жатам. Бул жашоомдогу эң бактылуу күн. Сирил түштүк африкалыктардын үмүтүн актайт деп ойлойм”,-деп өзүнүн ойлорун бөлүштү жаңы лидерге сүйүнгөндөрдүн бири.

Бирок жаңы президентте элдин үмүтүн актоо үчүн чоң жоопкерчилик жатат.

Сирил Рамапос өлкөнү тогуз жыл башкарган саясатчы Жейкоб Зумадан кийин келип отурат.

“Мен элдин үмүтүн актоо үчүн тынымсыз иштейм”,-деди Рамапос мамлекет башчысы катары алгачкы сөзүндө.

“Элдин жашоо шартын жакшыртуу, экономиканы калыбына келтирүү, паракорчулукту жою, элге берилүү менен кызмат кыла турган күн келди”,-деген убадаларын айтты Түштүк Африканын жаңы лидери.

Эми анын эл үчүн иштөөгө келерки 2019-жылдагы шайлоого чейин убактысы бар.

Эскерте кетсек, Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зума жергиликтү телеканалдар аркылуу элине кайрылып, кызматынан кетип жатканын айткан. Ал кызматынан кетүү боюнча акыркы чечимди парламент чыгаранын, бирок ал ишеним бербөө же импичменттен коркпой турганын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!