АКШда желек түшүрүлдү

16-Фев. 2018, Жума, 12:41

АКШнын президенти Дональд Трамп Флорида штатындагы мектептегидей окуялар кайталанбашы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр караларын убада кылды.

“Кымбаттуу мекендештерим! Бүгүн өлкөгө терең кайгыруу менен кайрылып жатам. Биздин администрация жергиликтүү бийлик менен бирге болуп өткөн трагедияны тыкыр кызматташтыкта иликтейт. Мамлекет жана жергиликтүү бийлик мектептердин коопсузудугун бекемдөө, руханий саламаттыкты жакшыртуу иштерине киришүүгө ниеттенип жатат”,-деген

Дональд Трамптын тапшырмасы менен келерки дүйшөмбүгө чейин мамлекеттик мекемелердеги, чет өлкөлөрдөгү элчиликтердеги, аскердик кемелердеги жана аскердик базалардагы АКШнын желеги түшүрүлдү.

Эскерте кетсек, АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарында “Марджори Стоунмэн Дуглас” мектебиндеги атышуу болгон. Анда 17ге жакын адам көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!