Казакстанда 9 миң сайт жабылды

16-Фев. 2018, Жума, 13:51

2017-жылы Казакстанда тогуз миңге жакын сайт жабылганын Маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев билдирген.

“Өткөн жылы терроризм, экстремизм, зомбулук жана суицидге үгүттөгөн тогуз миң сайт жабылган. Буларга байланыштуу 230 миң материал жок кылынган”,-деди Абаев министрликтин коллегиясында.
Ошондой эле министр Казакстанда 2017-жылы Интернет колдонуучулардын саны өскөнүн, Дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтингинде 137 өлкөнүн ичинен 36 орунга көтөрүлгөнүн белгиледи.

Интернет пайдалангандардын саны жалпы калктын 77 пайызын түзөт. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өскөн.

Министрдин айтымында 2018-жылы тармакты колдонуучулардын саны 78 пайызга жетери болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!