Баланы куткаруу үчүн рельске секирди

16-Фев. 2018, Жума, 15:37

Италиялык жаш жигит Миланда метронун рельсине кулаган баланы куткарды. Бул боюнча видео “YouTube” платформасына жарыяланды.

Бала платформанын жээгине бара калып, жолго жыгылган. Апасы жана башка жүргүнчүлөр айласын таппай калганда арасынан бир жаш жигит суурулуп чыгып, рельске секирген. Ошондой эле баланы жана анын оюнчугун алууга жетишкен. Андан соң өзү жолдон чыккан.

“Daily Mirror” басылмасы куткарылган баланын аты Мохаммед экенин, ал эки жашка чыкканын жазды. Окуядан кийин бала дарыгерлердин кароосунан өткөрүлгөн. Олуттуу жарат алган эмес.

Аны 18 жаштагы Лоренцо Пианацц аттуу жигит куткарганы белгилүү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!