Силкинүүлөрдүн саны 200гө жетти

17-Фев. 2018, Ишемби, 12:20

Мексикада катуу жер титирөөдөн кийин силкинүүлөрдүн саны 200гө жеткенин өлкөнүн Улуттук сейсмология кызматы кабарлады.

“21.30га чейин күчү 5,9 баллга жеткен 194 афтершок каталды”,-деп жазылган аталган кызматтын “Twitter” тармагындагы баракчасына.

Жума, 16-февралдан 17-февралга караган түнү Мексиканын түштүгүндөгү Оахака штатында жер титирөө болгон. Маалыматтарга караганда силкинүүнү күчү 7,2 баллга жеткен. Штат бийлиги зилзала адам курмандыктарына алып келбегенин, материалдык чыгым болгонун кабарлаган.

Кийинчерээк 540 миң үйдө электр жарыгы калыбына келтирилгенин Улуттук электр энергиясы боюнча комиссиянын директору Хайме Эрнандес кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!