Гутерреш көңүл айтты

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:29

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерреш Иранда 66 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгы боюнча көңүл айтты. Бул боюнча уюмдун атайын өкүлү Фархан Хак билдирди.

“Баш катчы Иран Ислам Республикасынын өкмөтүнө жана элине, көз жумгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”,-деп жазылган билдирүүдө.

66 адамдын өмүрүн алган жүргүнчү учагына жетишпей калган грециялык сейсмолог Акис Челентистин өлүмдөн кайтканын билдирди. Ал жол тыгындарынан улам каттамга жетише алган эмес.

Тегерандан көтөрүлгөн жүргүнчү учагы Загрос тоосуна кулаган. “Aseman” аба жолуна таандык учак өлкөнүн түштүк батышындагы Ясуж шаарына бара жаткан.

Борбордогу Мехрабад аэропортунан жергиликтүү саат 08:00де көтөрүлүп, 50 мүнөттөн кийин радардан жоголгон.

ATR 72-500 үлгүсүдөгү Франциядан чыккан учак кыска аралыкка ылайыкталган.

Иранда акыркы мезгилдерде учак кырсыктары көп катталууда. Өзөктүк программалардан улам киргизилген санкциялардан улам өлкөнүн учак флоту эскирген. Ал эми өлкөдө үчүнчү орунда турган Aseman авиакомпаниясы өткөн жылы 30 даана Боинг 737 үлгүсүндөгү учак алуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!