ИИМ: Полиция англис тилин билиши керек

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 15:01

Тажикстанда укук коргоо кызматындагылар англис тилин үйрөнүп, чет элдик туристтер менен сүйлөшө билүүсү керек. Бул тууралуу 17-февралда өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Умарджон Эмомали билдирген.

Анын айтымында, Ички иштер боюнча башкармалыктарда жана бөлүмдөрдө англис тилин үйрөтүүчү курстар ачылды. “Министр бардыгына сүйлөшүү этикасын, чет элдиктер менен пикир алышуу үчүн англис тилин үйрөнүннүн тапшырды. Сабактар үчүн атайын күндөр жана сааттар белгиленген”,-деди.

Тажикстан өкмөтү акыркы жылдары өлкөдө туризмдин өнүктүрүүгө көңүл бөлүүдө. Дал ушу максат менен өткөн жылы өкмөттүн алдында жаңы структура же туризмди өнүктүрүү комитети түзүлгөн. Ошондой эле өлкө башчысы Эмомали Рахмон 2018-жылды Туризм жана кол өнөрчүлүк жылы деп жарыялаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!