Балдар жана өспүрүмдөр куралга каршы

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 17:29

Жолдошу жана мугалимдеринен айрылган Паркленддеги окуучулар Вашингтон жана башка шаарларда АКШда ок атуучу куралдар боюнча мыйзамдарды катаалдаштырууну талап кылган Балдар жана өспүрүмдөр жүрүшкө чыгат. Балдар жана өспүрүмдөр АКШ достору жана мугалимдери кабылган трагедиядан токтоосуз сабак алуусу зарыл экенин баса белгилешүүдө.

Окуучулар мектептерде, көчөлөрдө коопсуз жүргүсү келет. Анджелина Лэйзо аттуу окуучу башында досторун эстеп ыйлап жатканын, эми кайгыруунун ордуна бул демилгени аягына чыгарууну чечкенин айтты.

Ата-энелерден Тришиа Бонилла кызы окуяны көргөнүн, эмдигиче өзүнө келе албай жатканын айткан. Ал мындай окуяга экинчи жол бербеш керектигин кошумчалаган.

Көп сандаган акциялар 24-мартка белгиленди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!