Билл Гейтс аз салык төлөгөнү үчүн арызданды

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:28

Мультимиллиардер Билл Гейтс “CNN” телеканалына берген маегинде Дональд Трамптын администрациясы киргизген салык реформасына токтолду. Анда өзү сыяктуу бай америкалыктар АКШнын казынасына көп каражат төлөшү керектигин айтты.

“Мен салыкты башкаларга караганда көп төлөдүм. Башкача айтканда 10 миллиард доллар. Бирок өкмөт абалы меникиндей адамдардан мындан да чоң төлөм талап кылышы керек”,-деди миллиардер.

“Microsoft” корпорациясынын негиздөөчүсү президент Дональдом Трамп кол койгон салык реформасы боюнча мыйзамды туура көрбөйт. Гейтстин ою боюнча салык салуу прогрессивдүү эмес, регрессивдүү шкаланы түзөт. Ошондой эле бай адамдардын жашоосун жеңилдетип, орто катмардагылардын абалы эске алынган эмес.

“Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безоско жаңыдан гана орун бошоткон Билл Гейтс планетадагы эң бай адам титулун көпкө сактады. Байлыгы 90 миллиард долларга бааланган. Ошондой эле өзүнүн каражатынан кайрымдуулукка бөлгөнү жагынан рекорд койгон.
Президент Дональда Трамптын администрациясы киргизген салык реформасы 1-январда күчүнө кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!