Курал жарманкеси 9-мартта ачылат

21-Фев. 2018, Шаршемби, 14:38

Дүйнөдөгү алдыңкы Эл аралык Мергенчилик, ок атууга пайдаланылган куралдардын 45-жарманкеси ( İWA 2018 ) Нүрнбергде 9-мартта ачылат. Ага 120 мамлекеттен эки миңге жакын конок келери күтүлүүдө. Ошондой эле бул боюнча адистешкен 50 миң көрүүчү келери болжолдонууда.

Иш-чарада ок атуучу куралдардын түрлөрү көрсөтүлөт. Андан тышкары лагерге керектүү буюмдар, спорт товарлар чыгарылат. Ок атуучу куралдардын аксесуарлары менен бирге оптикалык жана альпинистик жабдыктар көрүүчүлөргө сунушталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!