Евросоюз террорчуларды акчадан ажыратат

22-Фев. 2018, Бейшемби, 13:04

Евросоюз террорчулукту каржылаган кандай гана булак болбосун жабат. Буга Брюсселде Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети добуш берди. Эч кандай экстремистик топтор акча ала албайт.

Мындай акчанын агымын жөнгө салгандар мечиттерде, ал тургай абактарда да издөөгө алынат.

2016-жылдын январь айында Европолдо Европалык антитеррористик борбор түзүлгөн. Ага террорчулукту каржылоо жана бул боюнча чалгындоо жагы тапшырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!