“Греен карт” талкуу жаратты

22-Фев. 2018, Бейшемби, 14:57

АКШнын президентинин жубайы Мелания Трамптын ата-энеси Амалия жана Виктор Кнавстарды Америкада туруктуу жашоо жана иштөө мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылган "Греен карттын" берилгени белгилүү болду. Миграция темасына катаал караган президент Дональд Трамптын жакындарынын мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланганы каршы пикирлерди жаратты.

“Washington Post” гезитиндеги кабарга караганда Кнавстардын адвокаты бул боюнча билдирүү жасап, жубайлар Греен картын мурда эле алганын айтты.

“Мелания айымдын туугандарынын АКШда мыйзамдуу жашап жаткандыгын тастыктай алам”,-деди.

Трамп “Миграция чынжырына” каршы

АКШнын президенти “миграция чынжыры” же "Греен карт" алган адам өз үй-бүлөсүнөн башкаларга демөөрчү болуп, алардын Америкада туруктуу жашоосуна мүмкүнчүлүк берген мыйзамдарды жоюну талап кылган.

Америка медиасы Кнавстардын “миграция чынжыры” жолу менен Грен карт алганы чын болсо Трамп ишеничтен кетерин жазды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!