Саакашвили 2021-жылга чейин Украинага кире албайт

22-Фев. 2018, Бейшемби, 18:09

Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге 2021-жылга чейин өлкөгө кирүүсүнө тыю салды. Бул тууралуу Интерфакс-Украина агенттиги Саакашвилинин адвокаты Руслан Чернолютскийдин билдирүүсүнө таянып жазган. Ал чечим мыйзамдуу болбогондугун, бул боюнча арызданарын айткан.

Украинанын жарандыгынан ажыратылган Саакашвили өлкөнүн миграция кызматына кайрылуусу кабыл алынган эмес. Ал атайын уюштурулган операциянын негизинде өлкөдөн чыгарылган. Жубайы Голландиянын жараны болгондуктан Амстердамга жайгаштырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!