Лестер: жарылуудан алты адам жабыркады

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:14

Англиянын Лестер шаарында жарылуудан алты адам жабыркады. Алардын экөө оор абалда жатканын шаардык оорукананын өкүлү кабарлаган.

“Ооруканага окуя болгон жерден алтоо келген. Эки бейтап оор абалда. Калган төртөө жеңил жаракат алган”,-деген ал билдирүүсүндө.

25-февралда Англиянын Лестер шаарында турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан азык-түлүк саткан дүкөндө жарылуу болгон. Ал өрт менен коштолгон. Күбөлөрдүн айтымында имарат толугу менен жабыркаган. Көптөгөн адамдар ооруканага жеткирилген.

Британиянын полициясы учурда теракт болгону тууралуу эч кандай жагдай байкала электигин билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!