Автобус жүргүнчүлөрү менен оодарылып кетти

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:54

Казакстанда өзбекстандык жүгүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус кырсыкка учурады. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка караганда, Актөбөдөн Хромтау шаарына бараткан автобустун 35 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, автобус оодарылып кеткен. Кырсык 25-февралда кечинде Самара-Шымкент унаа жолунун Хромтау районундагы бөлүгүндө болгон. Автобус Өзбекстандын жарандарын алып бараткан. Ичинде 25 жүргүнчү болгон. Кырсыкта 7 жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Алардын баары Өзбекстандын жарандары болгон.

Полиция “Жол кыймылынын же транспорт каражатын пайдалануунун эрежелерин бузуу” беренеси боюнча тергөө иштери баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!