Космонавттар Жерге кайтышты

28-Фев. 2018, Шаршемби, 12:24

Эл аралык космос станциясынан (МКС) келген космостук “Союз МС-06” кемеси үч экипаж менен Казакстандын түштүк чыгышындагы Жезказган шаарынын 146 чакырым аралыгындагы талаага конду.

Анда экипаждын үч мүчөсү россиялык космонавт Александр Мисуркин жана НАСАнын эки астронавты Жозеф Акабу, Марк Ванде Хай болгон.

Куткаруучулар Жерге кайткандарды космос кемесинин капсуласынан чыгарып, медициналык жылытуучу чатырларга жайгаштырган. Экипаж мүчөлөрү өздөрүн жакшы сезип жатышат.

Эл аралык космос станциясындагы экспедиция 168 күнгө созулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!