Камакта көз жумган мугалимдин күнөөсүз экени аныкталды

28-Фев. 2018, Шаршемби, 14:36

Камакта кыйноого кабылгандан 13 күн өткөндө көз жумган тарых мугалими Гөкхан Ачыкколлунун күнөөсүз экени аныкталды.

15-июлда төңкөрүш аракетинен сегиз күн өткөндө 23-июлда камакка алынган. Бирок полициянын карамагында 13 күн бою эч кандай түшүнүк алынбаган Гөкхан Ачыкколлуну сот 1,5 жылдан кийин айыпсыз деп тапты жана кызматына кайтуусуна уруксат берди.

2018-жылдын 7-февралында Улуттук билим берүү министрлиги E.2561776 номериндеги мугалим Ачыкколлунун кызматына кайтуусун буйрук кылганы белгилүү болду. Окутуучуну кызматынан ажыраткан мектеп директору бул боюнча жазууну Ачыкколлунун жубайына тапшырган.

Көз жумгандан кийин 1,5 жылдан кийин айыпсыз экени аныкталган Гөкхан камакта жатканда полиция тарабынан эки ирет сабалып, эки ирет ооруканага түшкөн.

Кант диабети менен ооруган

Гөкхан Ачыкколлу камакта жатканда текшерүү учуруда токмок жегенин айткан. Кант жана тынчсыздануулардан улам жүрөк оорусу кармаган. Комага түшүп, кайра палатага которулган.

Андан абакка кайтканда сабалганы белгилүү болгон мугалимге дары ичүүгө да уруксат берилген эмес.

Кыйноолорго чыдай алган жок. Жүрөгү токтоду

Камакта жаткан 13 күн ичинде кыйноого чыдабаган мугалимдин жүрөгү токтоду. Жаш мугалимге алгачкы жардамды Соттук медициналык мекеменин жетекчиси жана дарыгерлер көрсөткөн. Бирок аман алып кала алышкан эмес.

Түркиянын адам укуктары фондунунун президенти профессор Шебнем Корур Финжанжы медициналык көзөмөл боюнча документтерге таянып билдирүү даярдаган. Анда Ачыкколлу кыйноолордон улам жүрөк оорусуна кабылып, андан көз жумганы белгиленген.

Сөөгү үй-бүлөөсүнө көрсөтүлгөн эмес. Имам жаназага уруксат берген жок

Үй-бүлөсү Ачыкколлунун көз жумганын Стамбул Соттук медицина мекемеси чакырганда гана билди. Анда да сөөгү чыккынчылардын көрүстөнүнө көмүү шарты менен гана берилери айтылган. Бирок Ачыкколлу боюнча сот иштери, сурак да болгон эмес эле.

Бул окуяларга байланыштуу мугалимдин сөөгүн үй-бүлөсү туулган жери Коняга өз аракеттери менен алып барды. Ал жакта Дин иштер башкармалыгынын чыккынчыларга жаназа намазы болбойт деген бүтүмүнөн улам мечиттин имамы жаназа намазына уруксат берген жок. Бул үй-бүлө жаназаны өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кылган. Жерге жашыруу иштерин жакындары ишке ашырган.

http://tr.euronews.com сайтына жарыяланган макаладан которулду

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!