Тамашакөй ырчы 6 айга камалды

28-Фев. 2018, Шаршемби, 16:53

Египеттеги ырчы Ширине Абдулвахаб Нил дарыясынын суусуна байланышкан тамашасынын айынан 6 айга абакка камалды. Абак эле эмес акчалай айып пул салынды.

Абдулвахабдын концертинде күйөрмандары “Нилдин суусунан ичтиңер беле” аттуу ырын аткарып берүүнү суранган. Анда ырчы Нил суусунда паразит болушу мүмкүн экенин тамашага салып, “Анын ордуна “Evian” маркасындагы суудан ичкиле”,-деген.

Каир соту бул сөздөрүнөн улам ырчыны “жалган маалыматты жайылтуу” беренеси менен айыптады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!