“Жасалма интеллект” бир топ адамды каматты

1-Март 2018, Бейшемби, 12:30

Адам укуктарына байкоо салган “Human Rights Watch” уюму (HRW) Кытайдын Синьзянь-уйгур атономиялуу округунун аймагында жасалма интеллект божомолу менен камоолор башталганын билдирди. Анда коопсуздук камералар аркылуу ар бир кадамдар, ал тургай банктагы документтерге чейин маалыматтар топтолгон.

“Reuters” кабар агенттигине маалымат берген HRW жетекчилери Кытайда ири электрондук ишкана 2016-жылы Синьзян өкмөтү менен макулдашууга кол койгонун, ал аркылуу жарандардын жүрүм-турумун, адаттан тыш көрүнүштөргө байкоо сала баштаганын кабарлашкан. Анын жыйынтыгы менен бүгүнгө чейин бир топ адам камакка алынганын белгилешкен.

Расмий басылмалардагы маалыматтарга караганда айрым адамдар аймактын коопсуздугуна байланышкан кампаниясынын бир бөлүгү катары камакка алынган. Айрымдары саясий билим берүү борборлоруна жиберилген.

Синьзян камоолорго байланыштуу автономиялык башкарууга барган “Reuters” агенттигинин кабарчылары өкмөт бул айтылгандарды жокко чыгарганын кабарлашты. Анткен менен өлкөнүн Коопсуздук министрлиги бул боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!