Жаныбарларды азыктандыргандар жазаланат

1-Март 2018, Бейшемби, 14:03

Голландияда суук аба ырайы жаратылышка терс таасирин тийгизүүдө. Жаныбарларды сүйүүчүлөр ызгаарда тамак табууда кыйналган кийик жана жылкыларды тоюттандырууну чечкен. Бирок бул аракетти өкмөт жаратылыштын тең салмактуулугуна кийлигишүү катары баалап, мындай кадамдарга баргандар жазаланарын жарыялады.

Жаратылыш паркында оттоп жүргөн жаныбарлардын арасынан ачкадан өлүү коркунучу бар экени белгиленүүдө. Бирок жаныбарларды коргоонуу каалагандарды полиция токой чарбасын караган жетекчиликке жиберген.

“Жаратылыш өз тең салмактуулугун коргой алат”

Токой чарбасы боюнча жетекчилердин бири Тим Хогенбош өлкөдө жаратылыш өз тең салмактуулугун өзү коргой ала турганын айткан. Жаныбарлар музду жарып суу ичүүгө жөндөмдүү экенин, суу жетишсиз жерлерде сугаруу иштери кызматчыларга тапшырылганын белгилеген.

Голландияда 2009-жылы саясий партиялардын бири кышкы суукта жаныбарларды тоюттандырууну сунуштаган. Ага макул болбогон Айыл чарба министрлиги алсыз жаныбарларды баккандан көрө жок кылуу керектигин белгилеген.

Буга каршы болгон жаныбарларды сүйүүчүлөр нааразычылык акцияларын уюштурууну пландашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!