“Wallmart”: курал 21 жаштан жогору сатылат

1-Март 2018, Бейшемби, 14:57

Америкадагы “Walmart” компаниясынын АКШдагы дүкөндөрүндө курал 18 жаштан жогору сатылса, эми 21 жаштан жогору жарандарга гана сатылат.

“Акыркы мезгилдердеги окуялардан улам курал сатуу боюнча саясатыбызды кайрадан карап чыктык. Андан улам ок атуучу куралдар жана ок-дарыларды сатып алуу үчүн жаштагы чектөөлөрдү 21ге чыгардык. Бул тез арада күчүнө кирет”,-деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле кадимки мылтыка окшогон бирок өлтүрүүчү сапаты болбогон жана оюнчук куралдары “Walmart” сайтынан алынары белгиленген.

Walmart дкөндөрүндө жаңы аң улоочу мылтыктарды сатууну 2015-жылы токтотконун жазды. АКШнын Аляскадан башка штаттарында тапанча сатылбай калганын, спортчуларга, аңчыларга жоопкерчиликтүү түрдө кызмат көрсөтүүсүн улантарын белгилеген.

Флорида штатынын Броверд аймагындагы 17 адамдын өмүрүн алган “Stoneman Douglas High School” деп аталган орто мектепке куралдуу кол салуудан кийин курал сатыгы боюнча пикирлер талкууланууда.

АКШ жалпысынан 56 миң лицензиялуу курал саткан дүкөн бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!