Индия экономика боюнча наамын Кытайдан алды

1-Март 2018, Бейшемби, 17:40

Индия 2017-жылдын акыркы чейрегинде 7.2 пайызга өсүп кайрадан дүйнөдөгү эң тездик менен өскөн экономиканын катарына кошулду. Бул ирет экономикасы боюнча наамын Кытайдан кайтарып алды.

“Financial Times” басылмасынын кабарына ылайык Индиянын экономикасы күтүлгөн көрсөткүчтөрдөн өтүп, 2017-жылдын акыркы чейрегинде 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7.2 пайызга өскөн.

Ал эми Кытайдын ошол эле мезгилдеги өсүүсү 6,8 пайыз болгон.

Индиянын Экономикалык мамилелер министри Субхаш Чандра Гарг өлкөсүнүн кайрадан дүйнөнүн эң тездик менен өскөн экономикаларындын тизмесинде биринчи орунга жазылганынбелгилеп, “Күчтүү маалыматтар, көбөйгөн Ички дүң өндүрүм, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү секторундагы артыкчылыктар өсүшкө көмөкчү болду”,-деди.

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин 2016-жылы өлкөдөгү банкнотторду жүгүртүүдөн алып салганы, салык системасын реформалоо чечими өсүшкө терс таасирин тийгизген.

Эл аралык валюта корунун маалыматына караганда Индиянын экономикасы бул жылы 7,4 пайызга, 2019-жылы 7,8 пайызга өсөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!