АКШда кар бороону өзгөчө кырдаал жаратты

15-Март 2017, Шаршемби

18 миллион адамга таасир эткен катаал аба ырайынан улам Нью-Йорк, Нью-Жерси, Коннектикут, Мэриленд жана Пенсильвания штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. 13-марттан бери коомдук транспорт, темир жол жана 7 миң 800 учак сапары токтотулду. Мектептер убактылуу жабылды.

Нью-йорк шаарынын борборунда кардын калыңдыгы 15 сантиметрге, ал эми түндүгүндө жарым метрге жеткени белгиленди. Ал эми шамалдын ылдамдыгы маал-маалы менен 80-100 чакырымга жетери эскертилди.

Кар аралаш бороон үч адамдын өмүрүн алды
Висконсин штатынын 76 жана 64 жаштагы эки тургуну көз жумган. Соттук медициналык эксперттердин айтымында, алар жүрөк оорусунан жабыркашкан.

Нью-Гэмпшир штатындагы Гилфорд шаарынын 16 жашар тургуну аба ырайынын катаал шартынан улам жол кырсыгына кабылган.

Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында 34 унаанын катыштыгында жол кырсыгы катталып, жетиден кем эмес адам жаракат алган.

Буга байланыштуу өлкө башчысы Дональд Трамп социалдык медиада билдирүү жасады. Анда “Өлкөнүн чыгышында жашагандар сууктан абайлагыла. Жергиликтүү бийликтин эскертүүлөрүнө кулак салгыла”,-деп жазылган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!