Корея жумушчу жумасын кыскартты

2-Март 2018, Жума, 13:27

Түштүк Кореянын парламенти 68 саатты түзгөн жумушчу жумасын кыскартууну чечти. Эми кореялыктар 52 саат гана иштешет.

Жумушчу жумасын кыскартуу Түштүк Кореянын президенти Мун Жэиндин шайлоо алдындагы программаларынын бири болгон.

Өлкөнүн өкмөтү мындай чечим 80-90-жылдардагы экономикалык өсүштүн учурунда тездик менен төмөндөггөн төрөттүн санын кайрадан көбөйүшүнө алып келерин болжолдоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!