Баланын ашказанынан 38 магнит шарик табылды

2-Март 2018, Жума, 13:57

Алматыда 5 жаштагы баланын ашказанынан дарыгерлер 38 магнит шарик алып чыгышты. Бул туурасында Балдар хирургиясы Борборунун тез жардам бөлүмүнөн Ерлан Мендигалиев социалдык тармактарга жазган. Айтымында бала кабыл алуу бөлүмүнө ичи ооруп түшкөн.

“Курч аппендицит клиникасында болгон операцияда бөтөн денечелер инструментке жабышкан. Магниттердин тобу ичегинин төмөнкү бөлүмүнөн табылган. Алар тыгылып, ичегинин иштөөсүнө тоскоолдук жараткан”,-деп жазган адис учурда бала кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!