Үчүнчү дүйнөлүк согуштун качан башталары эсептелди

3-Март 2018, Ишемби, 15:24

Мамлекеттер аралык куралдуу кагылышуулар Үчүнчү дүйнөлүк согуштун 2150-жылга чейин башталуусуна алып келүүсү мүмкүн. Мындай болжомду Колорадо университетинин математиги Аарон Клаузет жасап чыккан. Бул тууралуу “EurAsia daily” сайты билдирет.

Ал Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталуу убактысын 1823 жана 2003-жылдар аралыгындагы мемлекеттер арасындагы куралдуу кагылышуулар тууралуу тарыхый даректерди талдап чыгып аныктаган.

«Согуш маалдарынын тарыхый мыйзамдарына карасак, тынч өмүрдүн көп убакытка улануусун алсыратат. Ал мемлекеттер аралык кагылышуулардын ыктымалдуулугун азайтуучу механизмин аныктоого күч жумшаган адамдардын ойлогонунан алда кайда алсыз болушу мүмкүн», - дейт математик.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!