Путиндин митингине 130 миң адам катышты

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:44

Россиянын президенти Владимир Путин Москва шаарындагы Лужники стадионунда 130 миң колдоочусу менен жолукту. Өлкө башчысы 18-мартта өтө турган президенттик шайлоого 2 апта калганда алгачкы жана акыркы митингин өткөрдү.

Россияда келерки 10 жылда жеңиштер көп болорун белгилеген лидер “Өлкөбүздү жаркын келечекке даярдагыбыз келип турат. Анткени ата-бабаларыбыз бул жакта жашады. Биз жана биздин балдарыбыз жашап турат. Алардын жаркын келечеги үчүн зарыл болгон бардык нерселерди жасайбыз. Бизге буларды эч ким жасап бербейт. Эгерде жакшы иштерди ишке ашыра ал турган болсок келерки 10 жыл, 21-кылым толугу менен жеңиштерге жетишкен кылым болот. Бул биздин колубуздан келет”,-деди.

Путинди колдоого келгендердин арасында спортчулар, искусство ишмерлери, окумуштуулар жана атактуу адамдар болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!