Түштүк Кореяда шайлоо 9-майга белгиленди

15-Март 2017, Шаршемби

Мындай чечимди шаршембиде Мамлекеттик кеңеш чыгарган.

Түштүк Кореянын өкмөтүнүн чечимин “YTN” телеканалында түз эфирде администрация иштери боюнча министр Хон Юнсик жарыялады.

Коомдук сурамжылоолордон улам Корея Республикасынын президенттикке татыктуу талапкер катары өлкөдөгү Демократиялык партиянын мурдагы лидери Мун Чжэ Ин айтылууда. Ал 2012-жылы өткөн президенттик шайлоодо Пак Кын Хеден жеңилип калган.

Түштүк Кореяда паракорчулук жаңжалына байланыштуу президент Пак Кын Хенин импичментинен улам мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөнү турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!