БУУ Асад режимин сындагын чечимди кабыл алды

6-Март 2018, Шейшемби, 11:36

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары кеңеши Сирияда Башар Асад режиминин Чыгыш Гутада адам укуктарын бузуп жатканын сынга алган чечим долбоорун кабыл алды.

Англиянын чакырыгы менен жума күнү Чыгыш Гутадагы гуманитардык кризисти талкуулоо үчүн кезексиз жыйын өткөн. Россиянын аталган долбоорго өзгөртүү киргизүү талабынан кийин кайрадан жыйынга чогулду.

Отурумда Чыгыш Гута, дегеле Сирияда адам укуктары бузулуп жатканы, кыйноолор, эл аралык укукту тебелөө, гуманитардык абалдын начарлоосун сынга алган долбоор 29 “ооба”, 4 “жок” жана 14 “калыс” добуш менен кабыл алынды.

Анда негизинен Чыгыш Гутага байланыш жоктугу, ооруканаларга, инфраструктураларга тынбай кол салуулар, түрдүү оор куралдар менен абада бомбалоолор, химиялык куралдар жөнөкөй жарандарды эске албастан пайдаланылып жатканы маалымдалган.

Россиянын талаптары жокко чыгарылды

Кеңеш Россиянын бул чечим долбооруна өзгөртүү киргизүү талабын жокко чыгарды.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 24-февралдагы чечими менен Чыгыш Гута баштаган жалпы эле Сирияда ок атышууну токтотуу жарыялоону талап кылган. Анда кечиктирилгис түрдө ишке ашырылышы өкүм кылынганы менен ок атышууну токтотуу кандай башталары белгисиз бойдон калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!