Байлар үч күндө жүз миллиард доллар жоготту

6-Март 2018, Шейшемби, 12:52

“Berkshire Hathaway” инвестициялык компаниясынын жетекчиси Уоррен Баффет 26-28-февраль аралыгында биржа индекстеринин төмөндөөсүнөн улам 3,74 миллиард доллар жоготту. Бул тууралуу “Bloomberg” жазды.

“Facebook” тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 3,7 миллиард доллар, “Alfabet” компаниясынын башкы директору Ларри Пейдж 3,1 миллиард доллар, ал эми “Google” корпорациясын негиздеген Сергей Брин 3 миллиард доллар жоготту. “Zara” компаниясынын ээси Амансио Ортеганын байлыгы 2,5 миллиард долларга кыскарды.

Ааламдагы эң бай 500 адам үч күндө 128 миллиард долларынан айрылды. Эң ири чыгымга АКШнын ишкерлери учурап, 55 миллиард доллар жоготсо, кытайлык магнаттар 14 миллиард долларга жакырланды.

“Dow Jones” индекси 1-мартта 420,2 упай түшүп, 24608 даражасына төмөндөдү. Бул жагдай АКШнын президенти Дональд Трамптын өткөн аптада болот менен алюминий импортуна жаңы тарифтерди киргизген буйрукка кол коерун жарыялагандан кийин орун алды.

Эске сала кетсек, февраль айынын башында “Dow Jones” рекорддук түрдө төмөндөгөн. Ал кезде ааламдагы эң бай 500 адам 114 миллиард долларын жоготкон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!