Эл жолду тосуп, айыл башчысын сабады

6-Март 2018, Шейшемби, 17:08

Бул жумада Марый велаятындагы райондордун биринде ун тартыштыгынан улам жаңжал чыкты. Анда көчөгө чыккан аялдар унаа жолдорун тосуп алышкан. Башка бир жакта нааразы тарап айылдын дүкөнүн кирип барышканын “Азатлык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлаган.

Маалыматка караганда жол жабууга аялдар гана катышып, айланасында эркектер болгон эмес. Ошондой нааразы тараптын унду бирдей өлчөмдө бөлүп берүү талабы аткарылган.

Ошол эле күн буга окшогон дагы бир окуя катталган. Анда айылдык дүкөндө унга кезек күтүп турган элге ун калбай калганы айтылган. Бул сөзгө ишенбеген тургундар айылдык кеңештин башчысын сабап, дүкнөнгө кирип барган.

Кийин алынып келинген ун элге толугу менен сатылбай жатканы, бир бөлүгү сакталып турганы жана мамлекет койгон баадан жогору сатылганын жазып чыгышты.

Өлкөдө ундун баасы көтөрүлгөн. Өкмөт бул маселени чечүү үчүн сатыкка чектөө киргизген.

Анткен менен Түркмөнстан бийлиги өлкөдө ундуш тартыштыгы тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Ошол эле мезгилде азык-түлүк менен камсыздоо боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөнүнө карабастан элде ун жана нандын тартыштыгы бар.

Түркмөнстанда жер жана суу баштагыдай эле мамлекеттин карамагында. Дыйкандар жерди мамлекеттен ижарага алышат. Андан алынган буудайдын түшүмүн, пахта жана башка жер-жемиштерди мамлекет койгон баада сатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!