Мосулду бошотуу операциясы финалдык чекте

15-Март 2017, Шаршемби

Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абад Мосул шаарын террордук топтордон бошотуу операциясы финалдык чекке жеткенин билдирди.

“Күрөш аяктап калды. Террорчулар акыркы күндөрүн жашап жатышат”,-деди премьер-министр. Ошондой эле ал Ирак бийлиги туугандары ИЛИМ тобунда согушуп жүргөн карапайым калкка эч кандай чара колдонбой тургандыгын айтты. “Бирок согушкерлер куралдарын таштабаса өлтүрүлөт",-деди аль-Абади.

ИЛИМ террордук тобунан Мосулду бошотуу операциясы 2016-жылдын октябрь айында башталган. АКШ баштаган эл аралык коалициясынын жардамы менен буга чейин батыш бөлүгү бошотулса, февралда премьер-министри шаардын чыгыш бөлүгү үчүн күрөш башталганын жарыялаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!