Дональд Трамп байлардын катарында төмөндөдү

7-Март 2018, Шаршемби, 13:45

АКШнын президенти Дональд Трамп “Forbes” журналынын рейтингинде дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 200 сапка төмөндөп, 766-орунга жазылды.

Бул жылы 31-ирет жарыяланган “миллиардерлердин тизмесине” ылайык АКШ лидеринин байлыгы 400 миллион долларга азайып, 566-орундан 766-орунга түшкөн. “Forbes” мындай төмөндөөнү Нью-Йорктогу кыймылсыз мүлк атаандаш абалга келгени, айрым гольф жайларынын зыян тартканына байланыштырды.

Алдыңкы орунду Безос ээледи

Миллиардерлердин тизмесинде биринчи 112 миллиард долларлык байлыгы бар “Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Жефф Безос болду.

Узак мезгилдер бою биринчиликти бербеген “Microsoft” корпорациясынын ээси Билл Гейтс 90 миллиард долларлык байлыгы менен бул ирет экинчиликке илинди.

“Berkshire Hathaway” компаниясынын ээси Уорен Баффет 84 миллиард долларлык байлыгы менен үчүнчү, “Louis Vuitton” ишканасынын ээси Бернард Арно 72 миллиард доллары менен төртүнчү, “Facebook” тармагын түзгөн Марк Цукерберг 71 миллиард доллары менен бешинчи болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!