Саудиялык аялдар унаа айдаганы жатат

7-Март 2018, Шаршемби, 15:34

Аталган өлкөдө аялдар июнь айында унаа башкаруу укугуна ээ болуп, айдоочулук күбөлүк алат. Миңдеген аялдар буга даярдык көрө баштады. Жогорку окуу жайларда айдоочуларды даярдаган курстар ачылды.

Унаа өндүргөн ишканалардын колдоосунда алгачкы сабактар Жидда шаарындагы Ефат университетинде башталды. Ага катышкан 15 аял жол коопсуздугу боюнча маалымат алган соң унааларга отуруп тажрыйбадан өттү. Каалаган жерлерине өз алдынча барарын айтып кубанган айымдар арбын.

Ошол эле мезгилде араларында унаа кыймылынын көптүгүн, аялдардын унаа колдонуусуна көнбөгөн коомчулук тууралуу тынчсызданууларын айткандар жок эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!