Турист ташыган тик учак кыйрады

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:56

АКШнын Нью-Йорк шаарында 6 адам бара жаткан туристтик тик учак Манхэттен менен Куинс райондорунун ортосундагы Чыгыш суусуна кулады. Окуя болгон жерге көп сандаган куткаруучулар тартылды.

Кырсыкта эки адам көз жумса, бирөө куткарылганы белгилүү болду. Сууга түшүп, чөгүп жаткан тик учактын ичинде тыгылып калган 3 адамды куткаруу иштери уланууда. Кыйроонун себептери азырынча белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!