Си Цзинпин белгисиз мөөнөткө чейин иштейт

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:11

Пекинде өткөн Кытай элдик курултайынын башкы жыйынында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу добушка коюлду. Анда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин ыйгарым укуктарын чектөөнү алып салуу чечими каралган.

Эң жогорку мыйзам чыгаруучу Кытай улуттук элдик курултайына 2 миң 964 делегат катышты. Анда президенттин кызматта белгисиз мөөнөткө чейин иштөөсүнө укук берүү сунушу 2 миң 958 добуш менен кабыл алынды. Болгону 6 делегат “жок” деди. Чечим дээрлик бир добуштан кабыл алынды.

Маодон кийинки күчтүү лидер

Лидер Мао Цзедундан кийинки эң күчтүү лидер делген президент Си Кытай Коммунисттик партиясынын Башкы катчысы жана Борбордук аскердик комиссиясынын төрагасы кызматын аркалайт.

Кытайда президенттин бийлиги 10 жылдан ашчу эмес. Мындай мыйзам Дэн Сяопиндин учурунда, 1982-жылы кабыл алынган. Си Цзиньпинге чейинки Кытайдын эки лидери Конституциянын жоболорун сактап, эки мөөнөттөн соң бийликти өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!