Путин: Харьков-Стамбул учагын атууну мен буюргам

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 18:15

Россиялык журналист Андрей Кондрашовго Россиянын президенти Владимир Путин маек берген. Анда 2014-жылы Сочидеги кышкы олимпиаданын ачылыш салтанатына 1 саат калганда Украинадан Стамбулга сапар алган “Pegasus” аба жолуна таандык учак уурдалганын, аны Сочиге кондуруу талабы тууралуу маалымат келип түшкөнүн биринчи ирет коомчулукка айтты.

Бул боюнча социалдык медиада жарыяланган даректүү фильмге түрдүү пикирлер айтылууда.

“Sputnik” агенттигиндеги маалыматка караганда 2014-жылдын 7-февралында автобуста Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчилери менен Сочидеги стадионго бара жатканда коопсуздук кызматынын өкүлү телефон чалганын айткан Путин сөзүн мындайча улаган.

“Олимпиада оюндарынан ачылышынан мурда кабыл алуу бар эле. Адан соң Олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен автобуска түшүп, Фишт стадионун көздөй жөнөдүк. Жолдун ортосуна жеткенде менеджер телефонун мага узатты. Чалган адам олимпиада оюндарынын коопсуздугуна жоопкер борбордун жетекчиси эле. Ал адам Украинадан Стамбулга бара жаткан учак уурдалганын, аны уурдагандар учакты Сочиге кондурууну талап кылып жатканын айтты”,-деди.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жетекчиси Александр Бортников даректүү фильм үчүн берген маегинде “Pegasus” ишканасында иштеген учкучтардын бири жүргүнчүлөрдүн бирөөндө бомба бар экендигин, ал учакты Сочиге кондурууну талап кылып жатканын, согуштук учактарга эскертилип, алар абага көтөрлгөнүн айткан.

Алардын талабы тууралуу айткан Путин сөзүн мындайча улады.

“Жооп белгилүү болчу. Мындай учурда учак атып түшүрүлүшү керек эле. Мен планга ылайык иш кылууну тапшырдым",-деди.

Алып баруучунун “Ал кандай жооп?” деп сураганына Путин планга ылайык иш кылуу учакты атып түшүрүү экенин айтты.

Андан соң автобустагылардын “Бардыгы жайындабы?” деген суроосуна “Ооба, бары жайында” деп жооп бергенин айтты.

Жагдай толугу менен тактала электе конокторго эч нерсе айтпагандыгын белгилеген Путин бир нече мүнөттөн кийин дагы телефон чалуу болгонун кошумчалады. “Коопсуздук кызматынан дагы бир ирет телефон чалышты. Ал бул мас адамдын кылганы экенин, учак Түркияга кеткенин, кыска мөөнөттө коноорун айтты”,-деди Путин.

Алып баруучу “Бул чалуулар болгондо кандай ойдо болдуңуз?” деген суроого президент “Бул темада сүйлөшпөй эле койгонубуз жакшы”,-деп жооп берди.

Эске сала кетсек, 2014-жылдын 7-февралында учак уурдалганы тууралуу маалымат болгон. Харьков-Стамбул сапарындагы 110 жүргүнчүсү бар учак учкучтардын ийгилиги менен Сочинин ордуна Сабиха Гөкчен аэропортуна конгон. Бардык жүргүнчүлөр чыгарыландан кийин коркунуч жараткан адам таасирсиз абалга келтирилген. Текшерүү учурунда ал алкоголдук ичимдикти ашыкча ичкени маалымдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!