АКШ: мугалимдер курал колдонгонду үйрөнөт

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 23:17

Ак үй мектептеги атышууга байланыштуу профилактикалык программа сунуштады.

«The Hill» гезити кабарлагандай анда мугалимдерге курал колдонууну үйрөтүү жагы каралган. Ошондой эле полицияга коркунуч жарата турган адамдардын куралдарын тартып алуу укугу берилген.

Булар менен бирге мектептер менен укук коргоо органдары биргелешип, тыгыз иш алып баруусуна көп көңүл бурулат.

Буга чейин Флорида штатынын мугалимдерине курал алып жүрүүгө расмий түрдө уруксат берилгени кабарланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!