Меркель Путинге эмне белек берип жүрөт?

12-Март 2018, Дүйшөмбү, 23:46

Германиянын канцлери Ангела Меркель Россиянын президенти Владимир Путинге ГДРде иштеп жүргөндө жактырган пивосун чын эле белек кылганын айтты.

«Bild» таблоиди журналисттер Меркелге Путинге кээде пиво жиберип турганы боюнча суроо беришкен. «Ооба, кээде ошондой мүмкүнчүлүк болгон»,-деп жооп берген жана бир жолу Москвадан абдан жакшы ышталган балык белекке келгенин кошумчалаган.

Буга чейин сүйүктүү пивосун Меркелден беле катары алып турарын Путин Андрей Кондрашовдун «Путин» тасмасы үчүн берген маегинде айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!